<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Арабызда кыйналып келген бардыр,</title>
<lyrics>[V1]
.     Dm             A7      Dm
 Арабызда кыйналып келген бардыр,
.   Gm                          Dm
 Түйшүктөргө түйшөлүп жүргөн бардыр.
.                               Gm
 Сапырылган санаа, ойдон, убайымдан.
.   Dm                Gm      A7     Dm
 Тынчтык издеп, үмүттөнүп келген бардыр.

[V2]
 А балким, баары түгөл, бай адамдыр,
 Байлыгына таянып жүргөн жандыр.
 «Телегейим тегиз менин» десең дагы,
 Жүрөгүңдө бир толбогон орун бардыр.

[V3]
 Ошол толбос орунду жүрөктөгү,
 Толтурат Теңиримдин тирүү Сөзү.
 Сизди, мени куткарып калыш үчүн,
 Адам болуп, Ыйса Теңир келген Өзү.

[V4]
 Теңир берген тынчтыкты кабыл алсаң,
 Ырайымына ээ болосуң бардык жактан.
 Ээлеп турса жүрөгүңдү кандай сонун,
 Мээрим толгон, сүйүү толгон аруу сезим.</lyrics>
<key>Dm</key>
</song>